Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:39

Индия жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Кытайда кездешти


Бул - тараптардын Индиядагы бийликке парламенттик шайлоонун соңунан жаңы өкмөт келгенден берки алгачкы кездешүүсү. Индиянын тышкы иштер министри Натвар Сингх пакистандык кесиптеши Хуршид Махмуд Касури менен Кытайда өтүп жаткан чөлкөмдүк конференциянын учурунда жолукту. Мунун алдында эле эки өлкө өзөктүк сыноолорго киргизилген мораторийди улантууну жана бул жааттагы тобокелчиликти азайтуу үчүн расмий адамдар ортосундагы түз байланыштын статусун жогорулатууну макулдашкан эле.

XS
SM
MD
LG