Учуу АКШнын Калифорния штатындагы Мойав чөлүнөн ишке ашырылды. "SpaceShipOne" деп аталган кеме жерден асманга адегенде учактын жардамы менен көтөрүлдү. Кеменин учкучу учактан бөлүнгөн соң анын жерден 100 чакырым бийиктикке же космос мейкиндигинин чегине жеткирип кайра артка кайтты. "SpaceShipOne"дын учкучу Майк Мелвиллди эми космонавт деп атоого болот.
Жеке менчиктеги космос кемесинин курууга анын ээлери 20 миллион доллардан ашуун каражат сарпташкан. Долбоордун максаты - космоско коммерциялык, туристтик максатта учууга болоорун көргөзүү.
Жеке менчиктеги космос кемесинин курууга анын ээлери 20 миллион доллардан ашуун каражат сарпташкан. Долбоордун максаты - космоско коммерциялык, туристтик максатта учууга болоорун көргөзүү.