Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

БУУнун баш катчысы Коффи Аннан дүйнөдө антисемитизм күч алып баратканын кооптуу көрүнүш катары баалады


Аннан Улуттар уюмунун антисемитизм проблемаларына арналган алгачкы конференциясына катышууда. Буга чейин айрым жөөт лидерлери БУУ палестин маселесине көбүрөөк көңүл буруп, израилдиктерди көңүл сыртында калтырып койду деген кине тагып келишкен. Баш катчы:

- Холокост трагедиясынан 60 жыл өткөндөн кийин да антисемитизм бар экенине ишенүү кыйын. Бирок биз бул феномендин жаңы формаларына күбө болуп отурабыз. Бул жолү дүйнө унчукпай кое албайт.

Аннан антисемитизм менен күрөшүү үчүн атайын резолюциянын керектигин белгиледи. Евробиримдик ошондой документти апрель айында кабыл алган.

XS
SM
MD
LG