Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

22-июнда Ош облустук кеңештин кезексиз жыйыны болду


ОШ. Сессия отурумунда мурда түзүлгөн Ош облустук шайлоо комиссиясынын иштөө мөөнөтү 26-июнда бүтүп жаткандыгына байланыштуу, жаңы шайлоо комиссиясынын тизмеси бекитилди жана ал борбордук шайлоо комиссиясынын кошумча бекитүүсүнө жөнөтүлдү. Ош облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 9 кишиден турат. Үчөө саясий партиялардын, үчөө коомдук уюмдардын, үчөө аймактардын өкүлдөрү. Саясий партияларга тиешелүү үч орунга беш партия өз өкүлдөрүн сунуш этти эле, депутаттар бул маселени чүчүкулак кармоо жолу менен чечишти. Ошондой эле сессия олтурумунда 2005-жылдын февралында шайлана турган Ош облустук Кеңешинин депуттарынын сандык көрсөткүчү да такталды. Ага ылайык бул жолу 7 мандат көбүрөөк берилип, облус боюнча 35 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG