НАРЫН. 22-июнда Нарындагы демократияны колдоо борборунда Нарын шаарынын жана Нарын районунун лидер аялдары алдыда болуучу шайлоолорго депутаттыкка талапкер болуп катышууну пландаштыруу жана тажрыйба алмашуу үчүн чогулушту. "Аялдардын колунан баары келет" аттуу ресурстук борбордун координатору Айнура Эсенгулованын айтымында, жолугушуунун максаты аялдарды шайлоолорго активдүү катыштыруу, айылдык, райондук, шаардык кеңешке аял депутаттарды көбүрөөк тартуу, жаңы шайлоо кодексин элге жеткирүү болду. Жыйындын катышуучулары татыктуу, чын эле аялдардын проблемасын чечүүчү аял талапкерлерге биргелешип колдоо көрсөтүүчү топторду түзүү керектигин айтышты. Жыйынтыгында лидер аялдар азыртадан баштап биргелешип иштөөнүн иш планын түзүүнү макулдашышты.