Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Үч адамдын сөөгү табылды деген маалыматы жалган болуп чыкты


БАТКЕН. Ушул айдын 17де Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги Баткен районундагы Кемержуурат жайлоосунда нөшөрлөгөн жамгырдан жер көчкү жүрүп, Үчдөбө айылынын Юнусов Саттар, Керимов Абдыбаит жана Азимов Байыш аттуу тургундарын басып калганын, 12 адамдан турган куткаруучулар тобу кырсык болгон жерге жөнөп кеткенин кабарлаган. Ал эми 18-июнда аталган министрликтин маалыматына таянып, өлкөдөгү бир катар маалымат каражаттары көчкү астында калган үч адамдын сөөгү табылганын маалымдашкан. Ал эми облустук жарандык коргонуу штабынан 22 -июнда бул окуя жөнүндө туура эмес маалымат кеткенин тастыкташты. Көчкү өтө чоң көлөмдө, 1,5 млн. куб. метрде түшкөндүктөн, каза болгондордун сөөгүн алып чыгууга мүмкүнчүлүк болбой, кырсык болгон жерге барган алардын туугандары сөөктөрдү ошол жерде калтырууну чечишкен. Учурда туура эмес маалымат кантип чыгып кеткенин, ага ким күнөөлү экени иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG