Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Г.Алиевдин бюсту Тяньшань тоосуна орнотулат

БИШКЕК. Ушул айда Тяньшань тоосундагы «Азербайжан зирвеси» деп аталган чокуга Азербайжандын мурунку президенти Гейдар Алиевдин бюсту орнотулат. Мындай маалыматты АКИ-пресс агенттиги Азербайжандын Дай-аз агенттигинин кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, тутумуна жети спортсмен кирген топ беш миң метр бийиктиктеги чокуга чыгышып, бюстту орнотушат. Азербайжандык спортсмендер ат коюла элек чокуга өткөн жылдын 22-июнунда чыгып, ага «Азербайжан зирвеси» деген ат беришкен.
​
XS
SM
MD
LG