Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга арналган форум болду


БИШКЕК. Бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинде «Жаштардын атуулдук активдүүлүгү-демократиянын негиздери» аттуу форум болду. Ал «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү. Анда «Саясий партиялардын мамлекетти жана коомду өнүктүрүүдөгү ролу», «Кыргызстандын шайлоо системасы» жана «Саясий-коомдук процесстерге жаштардын катышы» деген темалар боюнча талкуу жүрдү. Талкууга жаштардан тышкары «Алга Кыргызстан», «Ар намыс», «Менин өлкөм», «Акыйкат жана прогресс» саясий партияларынын өкүлдөрү катышты. Акырында жаштардын атуулдук активдүүлүгүн арттырууга багытталган сунуш-пикирлер топтолду.

XS
SM
MD
LG