Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Жол акысы алына баштайт


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Акы төлөнүүчү автомобилдик жолдор» аттуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам өкмөт тарабынан даярдалып, палатага түшүндүрмөнү Транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев берди. Анын билдирүүсү боюнча, «Акы төлөнүүчү автомобилдик жолдор» жөнүндөгү мыйзам өлкө ичиндеги жолдорду оңдоо жана жаңы жолдорду салуу максаты менен даярдалды. Кыргызстандын аймагында 36 миң чакырымдык автомобиль жолу бар. Кубанычбек Жумалиев «Жолдорду пайдалануудан жылына 680 миллион сом салык жыйналат. Бирок, ал жолду оңдоого жетпейт»,-деп билдирди. Биринчи вице-премьер министрдин бул сунушу палатада кызуу талашты жаратып, айрым депутаттар бул мамлекеттин эсебинен салынган автожолдорду бара–бара менчиктештирүүгө жол ачат деп каршы болушту. Бирок, катуу талаштан кийин добуш бере келгенде долбоор биринчи окууда өттү.

XS
SM
MD
LG