Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Бюджет өзгөртүлөт


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин жыйыны болуп, анда 2004-жылкы бюджетке өзгөртүү киргизүү, Каракол эркин экономикалык аймагындагы кырдаал, Улуттук банктын төрагасынын отчету сыяктуу маселелер каралды. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бюджеттин кирешесин 632 миллион сомго, чыгашасын 718 миллион сомго көбөйтүү, ал эми быйыл төлөнчү тышкы карыздын көлөмүн 100 миң долларга көбөйтүп, туура 69 миллион доллар төлөнөөрүн бюджет жөнүндөгү мыйзамга киргизүү сунушталууда. Ал эми Каракол эркин экономикалык аймагындагы кырдаал депутат Болотбек Байкожоевдин сунушу менен каралууда. Депутаттын маалыматы боюнча, аймакта салык төлөбөөдөн мамлекет акыркы эки жылда эле 230 миллион сом зыянга учурады. Комитетте каралган бул маселелерди 23-июнда баштала турган палатанын сессиясында кароо сунушталды.

XS
SM
MD
LG