Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

ПРЕЗИДЕНТ БОЛЧУ КИМИҢ БАР? ЫМАЛАГА ШЫКАК. ИЛИМГЕ КӨҢҮЛ БУРГУЛА!


Оболу Ташкенде, андан соң Астанада каадалуу жыйындар өттү. Анда уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы саясий-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Улуттук илимдер академиясы жарым кылымдык мааракесин өткөрүү камылгасына киришти. Окумуштуулар илимдин коомдогу ордун аныктап, ага дурус көңүл буруу маселесин коюшууда. Кыргызстандын ишке жарамдуу калкынын кыйласы чет жерде жүрүшөт.

Быйыл Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы уюшулганынын жарым кылымдык мааракесин белгилейт. Шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде академия окумуштууларынын кайрылуусу жарыяланды. «Илими жок өлкө өз технологиясын иштеп чыга албайт, атүгүл өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендигин пайдаланышка кудурети жетпейт, чийки зат чыгаргандан башкага жарабай калат», - деп эскертишет илимпоздор. Улуттук илимдер академиясынын жарым кылымдык мааракеси белгиленип аткан чакта тармактын проблемаларын талкуулап, ага жаштарды арбын тартуу максатын коюудабыз, деп белгилейт кайрылууга кол койгондор.

Басылмада Евразия экономикалык кызматташуу биримдигинин Астанада өткөн жыйыны тууралуу кеңири маалымат жарыяланган. Гезиттин ырасташынча, Евразия экономикалык кызматташуу кеңеши 2000-жылы 10-октябрда Казакстандын башкалаасы Астанада уюшулган. Ага мурунку советтик беш өлкө кирип, байкоочу катары Айастан, Молдова, Украина катышат.

Саясатчылар ичара ынтымакка эч качан келбестиги, өлкө жаңыланышы үчүн жарандык коом жанданышы керектигин шейшембидеги «Республика» гезити эскертти. А.Акаев чарчады, адеп-ыймандын «Манас» дастанынан алынган осуяттары жарандык коомдун жаңыланышына дем-шык бербей калды, деп жазат Замира Сыдыкова.

Гезитте кыз ала качуунун чоо-жайын козгогон аналитикалык макалага да орун берилген. Бурулай Бусурманкулова менен Улугбек Бабакуловдун жазганына ынансак, кийинки кездери кыз ала качуунун арбып баратышы көбүнесе экономикалык себеп-жагдайга байланыштуу.

«Социнформбюро» социологиялык кызматы студенттер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда сурамжыга катышкандардын үчтөн бири шайлоого келбей, келсе да сунуш кылынган талапкерлердин баарын чийип сала тургандыгын билдиришкен. Жаштардын арасында Курманбек Бакиев менен Адахан Мадумаровдун кадыры бийик.

Президент А.Акаевдин Шаңхай кызматташуу уюмунун Ташкендеги жыйынына катышып, анда мамлекет башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жазды. Кыргызстандын президенти Кытай жетекчиси менен көзмө-көз сүйлөштү. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака-катыш талкууланды. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 250 чакырымга жакын Ош-Кашкар автожолу курулганы туру. Ага улай Кыргызстан аркылуу Кытайга темир жол курулат. Эгер ал жакын арада бүтүп калса Кытай кургак жол аркылуу Европага чыгарган буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

19941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салып, Улуу Атамакендик уруш башталган. Бекбай Алыкуловдун «Кыргыз туусунда» жарыяланган «Кайтпаган каркыралар» деген эскерүү макаласы канмайданда калган эрендерди эскерүүгө арналган.

Улуу Атамекендик уруш башталган күнгө чукул Бишкекте Улуттук гвардиянын катарын толуктаган жоокерлердин ант берүү аземи болуп өткөнүн шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Ушул эле басылманын кабарлашынча, Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын 80% жакыны республиканын түштүгүндө жашаган жарандар. Чет жерде нан таап жүргөндөрдүн 90% жакыны кыргыздар. Орусияда кыргыздар арбын чогулган жерлер Новокузнецск, Түмөн, Екатеринбург шаарлары. Ал жерде орусиялык эсеп боюнча 80 миңдей, Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринин маалыматына ынансак, 300 миң ашуун адам жашап жүрү. Чет жерге иштөөгө кеткендердин басымдуу көпчүлүгү жаштар.
XS
SM
MD
LG