СТРАСБУРГ. Европанын адам укуктарын көзөмөлдөөчү эң ири уюму - Еврокеңештин төрагалыгына алдыдагы беш жылдык мөөнөткө британ парламентинин мүчөсү Терри Дэвис шайланды. Терри Дэвис азыркы төрага Валтер Швиммердин ордун басат. Ошентип, Дэвис төрагалыкка талаптанган Швиммерди жана эстониялык саясатчы Криштина Ожуландды жеңип чыкты. Дэвис ишке биринчи сентябрдан баштап киришет.