Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:10

Эл аралык агенттиктер НАТОГО ачык кат менен кайрылышты


54 гуманитардык агенттик НАТОго ачык кат менен кайрылып, Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылуу пландарын жарыялоону талап кылышты. Уюмга жөнөтүлгөн ачык катта агенттиктер өлкөдөгү бейпилдик аскерлеринин командачылыгын НАТО өзүнө алгандан бери тынчтыкты камсыз кыла албаганын белгилеп, Түндүк Атлантика Альянсынан Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун стратегиялык планын жарыялоосун талап кылат. Ооганстанда учурда эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн курамында 6400 аскер кызмат өтөп жатат. Бирок алар негизинен Кабулда жана анын айланасында жайгашкан. НАТО уюму аскерлердин санын көбөйтүүгө ынтызар экенин, бирок альянска мүчө өлкөлөр өз аскерлерин көбөйтүүгө анчейин көңүлдөнбөй жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG