КИНГДАО. Кытайда Азия өлкөлөрүнүн 22 тышкы иштер министринин жыйыны аяктады. Эки күндүк жыйындын соңунда анын катышуучулары аймак өлкөлөрүн энергия өндүрүүнүн жаңы тармактарын жана технологияларын өнүктүрүүдө тыгыз кызматташууга чакырышты. Жыйындын соңунда атайын декларация кабыл алынды.