Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Миңдеген украин атуулдары Ирактагы аскерлерди чыгарууну талап кылышты


КИЕВ. Украинанын баш калаасында бир нече миң киши демонстрация өткөрүп, Иракта кызмат өткөп жаткан 1600 украин аскерин чыгарууну талап кылышты. Демонстрация Киевдин борбордук аянтында болду жана ага ар түрдүү божомолдор боюнча 2 миңден 7 миңге чейин киши катышты. Көптөгөн коммунист демонстранттар кызыл желектерди, ал эми христиандык ортодокс диний агымдын өкүлдөрү иконаларды көтөрүп турушту.

XS
SM
MD
LG