Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Иранда колго түшүп калган сегиз британ деңизчинин тагдыры бүдөмүк


ТЕГЕРАН. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази кечээ колго түшүрүлгөн британ деңизчилерине карата кандай чаралар колдонула турганы белгисиз экенин айтат. Деңизчилер суракка алынып, окуя ийне-жибине чейин иликтенген соң "аларга каршы чара колдонулат", - деп айткан эле. Андан мурдараак болсо Ирандан алынган кабарларда, колго түшкөн деңизчилер Ирандын чек арасын бузгандыгы үчүн өлүм жазасына кабыла турган болду, деп билдирилген эле. Деңизчилердин бошотулушун талап кылып, бүгүн эртең менен Британиянын өкмөтү Ирандын Лондондогу элчиси менен сүйлөшкөн эле. Британ коргоо министрлигинин айтымында, колго түшкөндөр Ирактын аскерлерин машыктырууга жардам берип жатышкан.

XS
SM
MD
LG