Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү билдиргендей, жакын арада коомчулук Гуантамо бэй түрмөсүндө кармалагандарды суракка алуунун эрежелери менен тааныша алат


Коргоо министри Доналд Рамсфелддин жашыруун буйруктарын жарыялоо менен талиптер менен ал-кайидачылар абакта эч кандай кыйноого алынбаганын көрсөтүүнү көздөйбүз деп ырасташат америкалык расмий адамдар. Багдаддагы Абу-грайб түромөсүндөгү жаңжалдан кийин Гуантанамодогу туткундардын абалы да катуу көзөмөлгө алына баштады. Кызыл Чырым уюму жана эл аралык укук коргоочу топтор Гуантанамо бэйде кармалгандардын айрымдарына эки жылдан бери айып тагыла электигин айтып, АКШ администрациясын сынга алууда. Кубада жайгашкан ошол абакта негизинен ооган соугушунда туткундалгандар кармалууда.

XS
SM
MD
LG