КАРАКОЛ. Чолпоната шаарынан жана Өрнөк айылынан келген пикетчилер «Рысбек Акматбаевди куугунтуктоо токтотулсун», «Республиканын ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармасынын башчысы Чыныбек Алиевдин атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу шектүү деп камалган Эркин Мамбеталиевдин ишин тергөө адилеттүү болсун» жана «Мирлан Коноевге, Тынчыбек Акматбаевге эркиндик берилсин», аларды «уруп-сабоо токтотулсун» деген өңдүү талаптарды коюшту. Пикетчилер менен жергиликтүү бийлик жетекчилери сүйлөшүп, алардын талаптарын аткаруу мүмкүн эмес экенин билдиришти.
Облустун прокурору Жумадыл Макешов пикетчилерге алар уюштурган акция мыйзамсыз экенин белгилеп, республиканын тартип коргоо органдарына койгон талапты жергиликтүү бийлик аткара албасын билдирди. Пикетчилер президентке, акыйкатчыга кайрылуу жолдоорун маалымдап, түшкө жуук тарап кетишти.