БИШКЕК. Чакан шаарларды өнүктүрүү боюнча долбоор даярдоо максатында түзүлгөн консультативдик топ бүгүн өкмөт үйүндө жыйын өткөрдү. Анда чакан шаарлардын инфраструктурасын өркүндөтүүнүн долбоору талкууланды. Конференциянын ишине биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, Дүйнөлүк Банктын программа башчысы Жонатан Камквала, тиешелүү тармактардын жана атуулдук коомдордун өкүлдөрү катышты. Чакан шаарларды өнүктүрүү долбооруна Дүйнөлүк Банк 15 миллион доллар өлчөмүндө грант бермей болду. Бул каражатка өкмөт 1,5 миллион доллар кошуп, шаарларды жакшыртуу ишин келерки жылы баштайт. Анда негизги көңүл таза шаарларды таза суу менен камсыздоо, акыр-чикирлерден арылтуу жана көчөлөрдү көркүнө келтирүү иштерине бурулат.