БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикменин лидери Мисир Ашыркулов Москвадан өткөн жуманын аягында Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бирикменин лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Ашыркуловдун Россияга кетүүсүнө анын өмүрүнө коркунуч келиши себеп болгон. Анткени уюмду жетектегенден баштап анын үйүн, өзүн аңдуу башталган. Ашыркуловду куугунтуктоо күчөгөнүн маалымат каражаттары аркылуу аны жаманатты кылуу, жакындарын кызматтан алуу фактылары да тастыктап турат, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, «Адилет шайлоо үчүн» бирикмеси жакын арада жыйын өткөрүп, анда бирикменин платформасын жарыялайт. Жыйынды уюмдун башчысы Мисир Ашыркулов алып барат.