БИШКЕК. 28-29-июнда Стамбул шаарында өтө турган НАТОнун саммитине Кыргызстандан президент Аскар Акаев баш болгон делегациясы катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн маалымдашты. Саммитте эл аралык саясат, коопсуздук, терроризм, массалык кыргын салуучу куралдын жайылышына жол бербөө сыяктуу маселелер талкууланат. Андан сырткары Ооганстандагы, Ирактагы кырдаалга, Түндүк Атлантикалык Альянстын Босния жана Герцеговинадагы миссиясынын аякташына көңүл бурулмакчы. Кыргызстан НАТО уюму менен 1994-жылдан бери «Тынчтык үчүн - өнөктөштүк» программасы менен кызматташууну баштаган.