Өлкөнүн батышындагы Херат шаарынын аскер башчысы Гулам Мохамед Масом аскерлер Горго эртең кечке маал келээрин бышыктады. Өткөн аптада Ооганстандын түндүк-батышында жайгашкан Гор провинциясында жергиликтүү кол башчынын аскерлери провинциянын баш калаасы Чагчаранды басып алышкан. Гордун жеңилип калган кол башчысы кечээ атаандаш фракция жана аким бийликтен кетпесе, "кан суудай агат" деп эскертти.