Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кошмо Штаттары Түндүк Корея боюнча сунуш киргизет


Бул тууралуу Бейжинде өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүдөгү АКШнын баш элчиси Жеймс Келли билдирди. Мамкатчынын жардамчысы болуп иштеген Келли сунуштар тууралуу маалымат берген жок. Бирок алар АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы жаңы алакага жол ачат деди:

- Корей жарым аралындагы биздин жалпы максат – аны ядролук куралдан түбөлүккө арылтуу болуп саналат. Мындай жыйынтык жарым аралдагы жана аймактагы бардык элдердин бейпилдигин жана коопсуздугун гана камсыздабастан, менин өлкөм менен КНДРдин ортосундагы, КНДР менен эл аралык коомчулуктун ортосундагы жаңы алакаларга эшик ачат.

Түндүк Корей делегациясынын жетекчиси Ким Кйу Гван Кошмо Штаттары "душманчыл" саясатынан баш тартса, Түндүк Корея ядролук программасынан баш тартап деп билдирди. АКШ буга чейин Пхеняндан ядролук программасын биротоло токтотууну талап кылып келген.

XS
SM
MD
LG