Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Брюсселде Европа кеңешинин жыйыны өтөт


БИШКЕК. Июль айынын биринчи жарымында Брюсселде Европа Кеңеши менен кыргыз өкмөт жетекчилигинин жолугушуусу болот. Анда өткөн жылкы жолугушууда Кыргызстан тарабынан кабыл алынган милденттенмелердин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланып, келечекте эки тараптуу кызматташуунун багыттары аныкталмакчы. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, Брюсселдеги жолугушууга комитет тарабынан Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы, демократия абалы боюнча кат даярдалууда. Каттын мазмуну тууралуу Дырылдаев буларды билдирди:

- Катта адам укуктарынын сактоодо, коомду демократиялаштырууда эч кандай өзгөрүүлөр жоктугун белгилеп, аларды фактылар менен бекемдеп жатабыз. Маселен, Феликс Кулов, Аксы окуясы, ОШТВ боюнча, көчөгө айдалып чыккан үйбүлөлөр жөнүндө, Улуттук коопсуздук кызматынын депутаттарды жашыруун тыңшоосу тууралуу маалыматтарды келтирип жатабыз.

Рамазан Дырылдаевдин айтымында, комитет баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына да кайрылып, Кыргызстанга жардамды өлкөдөгү демократиялык жараяндарга жараша берүүнү сунуштоодо.

XS
SM
MD
LG