Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

Италияда мафиялык топтор менен байланышы бар деп шектелгендер кармалды


РИМ. Италиянын Пулья аймагынын полициясы кечээ өлкөдөгү ири мафиялык топтор менен байланышы бар деген шек менен 90 адамды камакка алды. Алардын ичинде үч полиция кызматкери да бар. Италиянын АНСА маалымат агенттиги кабарлагандай, полиция кызматкерлеринин мындай иш-аракеттеринин башкы максаты Гаргано деп аталган жергиликтүү мафиянын башчыларын кармоого болгон. Бирок аларды камакка алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. Италиянын прокурору Пиеро Луиги Вигна маалымдагандай, мафиялардын өкүлдөрүнө карата мындай иш-чаранын колдонулушунун зарылдыгы соңку мезгилде өлкөдө мафиянын тамыры кеңири жайылып, күчөп бараткандыгына байланыштуу болду. Ошондой эле полиция тарабынан жүргүзүлгөн бул операция соңку мезгилде катталган 6 адамды өлтүрүү фактысын иликтөөгө, курал-жарак жана маңзаттар менен соода иштерин жүргүзгөн кылмыш топторун табууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG