ТЕГЕРАН. Ирандыктар тарабынан туткундалган Британиялык деңиз аскерлерин бошотуу бүгүнкүгө калтырылды. Британиянын Тегерандагы элчилигинин өкүлү Эндрю Данн билдиргендей, деңиз аскерлерин бошотуунун жол-жоболорун тактоо боюнча дагы кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. Кечээ аскерлерди бошотуу маселеси боюнча жүргүзүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази пресс-конференция өткөрүп, деңиз аскерлеринин кастык ниети болбогондугу жөнүндө айткан. “Британиялык 8 аскердин Ирандын аймактык суу тилкесине адашып киргени такталды”, - деп билдирген Ирандын тышкы иштер министри.
Ошону менен бирге, Камал Харрази ушул эле күнү британиялык аскерлер бошотулаары жөнүндө да маалымдаган эле. Британиялык деңиз аскерлери дүйшөмбү күнү үч кайык менен Ирандын деңиз чегарачылары тарабынан туткундалган.