Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Сауд Арабстанда өз ыктыяры менен колго түшүп берген согушкерлер кечирилет


ЭР-РИЯД. Сауд Арабстандын падышасы Фадх террорчу деп шектелгендерге карата эгерде алар бир айдын ичинде колго түшүп беришсе, мунапыс колдонулат деп кечээ жарыялады. Буга байланыштуу кайрылууну окуп жатып, канзаада Абдулла диндин жолунан адашкандарга кечирим берилет деп маалымдады:

- Биз акыркы ирет кайрылып жатабыз, кимде ким акыйкатчылыктын жана дин жолунан адашкан болсо, биз аларды кечиребиз. Чындыктын жана мыйзамдуулуктун жолуна кайткыла, - деди канзаада Абдулла.

Кайрылууда ал ошондой эле террордук акттарды жасабаган жана башка адамдарга жамандык кылбагандардын өмүрүн сактап калууну убада кылды. Ал эми бийликке баш ийбегендерге карата ырайымсыз күрөш жүргүзүлөт, - деп кошумчалады Сауд Арабстандын канзаадасы Абдулла.

XS
SM
MD
LG