Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Салык мыйзамы кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны салык алуу жана аны жыйноо мамилелерин жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын топтомун карап, тогуз мыйзам кабыл алды. Алардын арасында «Салык кодексине», «Лицензия берүү», «Эркин экономикалык аймак», "Аскер кызматчыларын милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамдар бар. Андан тышкары «Кыргызстандын эл аралык каржы уюмдарына мүчөлүгү» жөнүндөгү мыйзамды депутаттар жактырды. Ал эми эртең «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча бир катар мыйзамдар талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG