ЖАЛАЛАБАД. Казакстандын элчиси Өмүрзак Өзүбековдун сапары эки тараптуу кызматташуу, Казакстандын инвестициясын облустун экономикасына салуу максатын көздөйт. Облустун өнөр жай ишканаларынын мүмкүнчүлүгү кеңири. Ага жетиштүү каражаттар табылбай жатат. Элчи Өмүрзак Өзүбеков "Нур" акционердик коомун көргөндөн кийин заводдо металл иштетүүнү өнүктүрсө болоорун белгиледи. Аны жарым-жартылай иштеген "Кыргыз электроизолит" заводу да кызыктырды. Шамалдуусай, Ташкөмүр ГЭСтери менен таанышты. Камбарата-2 ГЭСинин курулушу тууралуу да сөз болду.