Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Бишкекке Украинадан өкмөттүк делегация келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Украинанын улуттар жана миграция боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Генадий Москал башында болгон делегация иш сапары менен келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет элдик делегация мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, Кыргызстан элдер ассамблеясынын башчысы Иса Токоев менен жолугушат. Ошондой эле делегация Кыргызстандагы украин диаспорасы менен кездешет.

XS
SM
MD
LG