Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча премьер-министрдин маалыматын угууну улантты. Николай Танаев депутаттардын өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына байланыштуу суроолоруна жооп берди. Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Диль, бюджет жана экономикалык өнүгүү комитетинин башчысы Жеңишбек Эшенкулов өкмөттүн 2003-жылдагы ишмердүүлүгүн «канааттандырарлык» деп табууну сунушташты. Талкуу соңунда көпчүлүк добуш менен өкмөттүн отчету «канааттандырарлык» деген токтом кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG