Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Облустук шайлоо комиссияларынын курамы жаңырат


БИШКЕК. Кыргызстандагы облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жаңыртыла баштады. Мындай маалымат бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан алынды. Ал маалыматка караганда, Баткен облусунан башка облустардын шайлоо комиссиялары 1999-жылы түзүлгөн жана мыйзамга ылайык алардын иштөө мөөнөтү ушул айдын аягында бүтөт.

Облустук шайлоо комиссиясын түзүүгө арналган алгачкы жыйын Ош облустук кеңеште болуп, анда комиссияга мүчөлүккө өз талапкерлерин беш саясий партия, үч коомдук уюм жана шайлоочулардын төрт жыйыны көрсөттү. Талапкерлерди тандоо боюнча добуш берүүдө КДК, «Менин өлкөм» жана «Элет» партиясынын, коомдук уюмдардын жана шайлоочулардын үчтөн өкүлү тандалып, Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитүүсүнө берилди.

XS
SM
MD
LG