БИШКЕК. Курамына алты саясий партия кирген «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу 2005-жылы боло турган президенттик шайлоодо коммунисттер жана «Жаңы Кыргызстан» саясий партиялары менен чогуу бирдиктүү талапкерди колдоп чыгышат. Ошондой эле аталган партиялар парламенттик шайлоодо да биргелешип аракеттенишет. Бул тууралуу бүгүн «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган партиялар мындай чечимге буга чейин ич ара макулдашкандан кийин келишти. А.Бекназаров бул боюнча соңку чечим жакында партиялардын биргелешип өткөрө турган жалпы курултайында коомчулукка ачык жарыяланаарын кошумчалады.
Курамына оппозициячыл маанайдагы 6 партия кирген «Эл бийлиги үчүн» блогу мындан бир нече күн илгери келээрки президенттик шайлоодо Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевди колдой тургандыгын жарыялашкан.