Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Таластык фермер мүдөөсүнө жетти


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку сот Талас районундагы Чоңарык айылынын тургуну Афтандил Тынышевдин арызын карап, анын 1996-жылы сатып алган сарайга ээлик кылуу укугун калыбына келтирди. Бул иш боюнча Талас райондук, облусттук соттордун чечимдеринин бардыгын жокко чыгарды. Мындай маалымат бүгүн фермерден алынды.

Афтандил Тынышев 1996-жылы Талас районундагы Кеңкол өрөөнүнөн 15 миң сомго сарай сатып алган. Аны Талас райондук сотунун судьясы Марат Ибраев менен Талас райондук мурдагы арбитраждык соттун судьясы Анара Дубанбаева өз туугандарына тартып берип койду деген арыз менен жогорку инстанциядагы сотторго кайрылган. Калыс чечимге жете албагандан кийин фермер ушул жылдын башында Конституциялык жана Жогорку соттун алдына бир нече жолу пикетке чыккан.

Акыркы ирет ушул айда аны Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кабыл алып, ишти кайра кароого убадасын берген.

Афтандил Тынышев эми аталган сарайдын мурдагы ээси, 1997-жылдын июль айында каза болгон Курманбек Төтөшев ошол жылдын ноябрь айындагы сотко катышты деп чечим чыгарган судьяларды жоопко тарттырууга аракет кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG