Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстанда Москва күндөрү башталды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Москванын күндөрү башталды. Ал президенттин катышуусу менен улуттук филармониядагы салтанатта расмий түрдө ачылды. Ага Москва мэринин биринчи орун басары Юрий Росляк баштаган делегация катышты. Негизги иш-чаралар эртең өтүп, Кыргызстан менен Москванын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот. «Москванын Бишкектеги үйү» көргөзмө-жармаңкеси ачылып, ага Москвада чыгарылган товарлар коюлат. Гапар Айтиев атындагы музейде Зураб Церетели баштаган москвалык сүрөтчүлөрдүн чыгармалырынын көргөзмөсү ачылат. Расмий делегация өкүлдөрү менен президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жолугушат.

Ал эми Москванын күндөрүнө катышкан ишкерлер өз товарларын Кыргызстанга экспорттоо жана Кытайдын товарларын өлкө аркылуу Орусияга ташуу тууралуу макулдашууларды түзүүнү максат кылып жатышат. Бул тууралуу бүгүн Москва өкмөтүнүн КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөр боюнча департаментинин башчысы Алексей Чижов билдирди.

XS
SM
MD
LG