Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Маскөөдө Орусия менен Жапаниянын тышкы иштер министрлери жолукту


Маскөөдө бүгүн Орусия жана Жапаниянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Йорико Кавагучи жолугуп сүйлөштү. Жолугушуу алдында Кавагучи журналисттерге билдиргенге караганда, талкуу учурунда Курил аралдары тууралуу маселе дагы каралат.

Ал аралдарды советтик аскерлер Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы күндөрүндө басып алган жана Токио такай аларды кайтарып берүүнү талап кылгандыктан, согуш аяктагандан кийин СССР менен Жапания ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн эмес. Азыр дагы Орусия менен Жапания ортосунда андай келишим жок. Министр Кавагучинин айтымында, Орусиянын Алыскы Чыгышка мунай куурун жаткыруу планы дагы өзгөртүлсө жакшы болмок. Маскөө азыр андай куурду Кытай аркылуу өткөрүүгө ниеттенүүдө, Жапания болсо анын Сахалин аралын көздөй багытталганына кызыкдар.

XS
SM
MD
LG