Израил аскерлери бүгүн Газа тилкесинин чекарасында эки палестиналык арабды атып өлтүрдү. Жөөт аскерий жетекчилигинин кабарлаганына караганда, аскерлер Дугит аттуу жөөт айылын кайтарган, чопкут чыптама кийип, колуна автомат кармаган арабдар болсо ал айылга өтө жакындап келген. Израил өкмөтүнүн айтымында, Газа тилкесинде курулган жөөт айылдары көчүрүлөт, бирок Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги басылып алынган араб жерлери толук бошотулбайт.
Мисирдин Таба шаарында болсо бүгүн АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү чогулуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселесин талкуулай баштады.
Мисирдин Таба шаарында болсо бүгүн АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү чогулуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселесин талкуулай баштады.