Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Бээжинде Түндүк Корея боюнча эл аралык жолугушуу уланууда


Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча кечээ күнү башталган эл аралык жыйын бүгүн өз ишин улантты. Ага АКШ, Кытай, Жапания, Орусия жана Түндүк менен Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышууда. АКШ менен Түндүк Кореянын дипломаттары эки тараптуу сүйлөшүү да жүргүздү. Вашингтон сунуштаган план боюнча эгер Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал чыгаруу аракеттерин токтотсо, ага кубат боюнча эл аралык жардам көрсөтүлөт жана Америка Кошмо Штаттары анын коопсуздугуна кепил болуп берет. Ал үчүн Түндүк Корея үч айдын ичинде өзүнүн өзөктүк ишканаларынын тизмесин түзүп берип, коркунучтуу заттарды зыянсыздаштырып, өзөктүк ишканаларына текшерүүчүлөрдү киргизиш керек. Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжан Кюинин айтымында, ушундай сунуштардын жасалганы эле жетишкендик:

- Америка Кошмо Штаттары, Түндүк Корея жана башка тараптар ушундай сунуш менен чыкты. Бул сунуш көп нерселерди камтыйт. Мындай сунуш иштелип чыкканы эле азыркы сүйлөшүүдө ийгилик жетишилгенин көрсөтөт. Менин оюмча, АКШ тарап маселени жөнгө салууга кызыкдар экенин көрсөттү.

Түндүк Кореянын айтымында, алгач АКШ өзүнүн кастык мамилесин жумшартууга тийиш.

XS
SM
MD
LG