Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Өзбекстанда “Бирлик” партиясы катталбай жатат


Өзбекстандын Жогорку соту өлкөнүн оппозициялык көз караштагы “Бирлик” партиясын каттоодон юстиция министрлиги баш тартып жаткандыгын туура деп тапты. Ушул жылдын март айында партия юстиция министрлигине каттоо арызын жолдогон. Бирок министрлик партиянын айрым мүчөлөрүнүн колдору жасалма коюлган деген шылтоо менен арызды кабыл алган эмес. Партиянын адвокаты Рухиддин Камиловдун пикиринде, юстиция министрлиги тарабынан “Бирлик” партиясынын мыйзамсыз катталбай жатышын Жогорку соттун мыйзамдуу деген чечими негизсиз.
Партиянын лидерлеринин бири, Василия Инноятова белгилегендей, Өзбекстандын бийлиги “Бирлик” ушул жылдын аягында өлкөдө боло турган парламенттик шайлоого катышат деп чочулоодо. 90-жылдардын башынан тарта партиянын лидерлери чет өлкөлөрдө куугунтукталып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG