Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Ингушетиядагы чабуулдарды жасагандар изделүүдө

Буга чейин чабуулдарга тиешеси бар делген ондон ашуун адам кармалып, алардын ичинен үчөө өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн берип, чабуулдарды уюштууруга катышкандыктарын моюндарына алышты. Акыркы маалыматтар боюнча Ингушетияда 22-июнга караган түнү орун алган чабуулдардан 98 адам набыт кетти. Алардын негизги бөлүгү тартип коргоо органдарынын кызматкерлери болгон. Ингушетиянын вице-премьери Башир Аушевдин маалыматы боюнча, чабуулдарды уюштургандардын бир бөлүгү Грузиянын аймагына, экинчи тобу Чеченстанга качып кетиши ыктымал.
200гө жакын согушчан Ингушетиянын ички иштер министрлигинин штаб-квартирасына жана башка өкмөттүк имараттарга бир нече жерден чабуул коюшкан. Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Ингушетияга кошумча аскерлер киргизилээрин маалымдады.
XS
SM
MD
LG