Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Стамбул менен Анкарадагы жардырууларды уюштурган деп шектелгендер кармалды


Стамбулдун губернатору Муаммер Гулердин пикиринде, Стамбул менен Анкарадагы жардыруулар өлкөдөгү марксисттик топторго жакын адамдар тарабынан жасалышы ыктымал. Бирок террорчулар автобустагы адамдарды жардырууну көздөшкөн эмес. Алар бул автобус менен барып, жардырууну башка жерде уюштурууну пландаштырышкан. Түркиянын Анатолия маалымат агенттиги кабарлашынча, жардыруудан кийин үч адам, эки эркек жана бир аял камакка алынды.
Түндүк Атлантика Альянсынын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер 28-29-июнда НАТОнун саммити өтө турган Стамбул шаарында коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG