Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Ирактагы куралдуу кагылышуулардан набыт болгондордун саны 100гө жетти


Ирактагы кечээки куралдуу кагылышуулардан набыт кеткен адамдардын саны акыркы маалыматтар боюнча 100гө жетти. Кагылышууларда 320га жакын адам жараат алган. Кагылышуулар боюнча жоопкерчиликти Абу Мусаб ал-Заркави баштаган террордук топ өзүнө алды. Ал-Заркавинин Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ийад Аллавиге карата коркутуулары айтылган аудио жазмасы буга чейин исламчыл интернет барактардын беттерине жайгаштырылган болчу.
АКШ аны “ал-Каида” террорчу тобунун Ирактагы башчыларынын бири деп эсептейт. Кечээ Ирактын Бакуба, Рамади жана Фаллужа шаарларында куралдуу кагылышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG