Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Ч.Баекова Конституциялык мыйзам бузуулар Кыргызстанда аз эмес деди


БИШКЕК. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына маалымат берүү учурунда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова билдирди. Бирок Башмыйзамда белгиленген тараптар гана кайрылгандыктан, баардык эле мыйзам бузууларды Конституциялык сот өз алдынча карай албайт.

Мындан тышкары, адвокаттар да жарандардын конституциялык укуктарын коргоо багытында ишмердүүлүгүн жандандырбай жатышат. Баекованын айтымында, акыркы бир нече жыл ичинде Конституциялык сотко мыйзам бузууларды аныктап берүү суранычы менен болгону эки адвокат гана кайрылган. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Конституциялык сотко президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, жергиликтүү сот, башкы прокурор, жергиликтүү кеңештер гана кайрыла алышат. Бул субьекттердин катарына акыйкатчы да киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG