БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Террорчулукту каржылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун күзүндө карамай болду. Муну бюджет жана финансы комитетинин төрагасы долбоордо талаш-тартыш туудурчу маселелердин көптүгү менен түшүндүрдү. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов мыйзамга көз карашын мындайча билдирди:
- «Террорчулукту каржылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди «адалдоого» каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамды биз канчалык кечеңдетсек, Кыргызстандын арам акчаларды адалдоого каршы күрөш боюнча Эл аралык уюмдун тизмесине түшүү ыктымалдыгы ошончолук көбөйөт.
Улан Сарбановдун айтымында, бул өз кезегинде жергиликтүү банктар менен чет өлкөлүк банктардын мамилелерин кескин начарлатып ийет. Маанилеш мындай мыйзамды буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн көбү кабыл алган.