Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Иракта Американын аскерлери менен согушкерлердин кагылыштары уланууда


БАГДАД. Багдадда жана Фаллужада зордукчул аракеттер менен ок атышуулар уланууда. Кабар агенттиктеринин маалыматына караганда, Багдадда жолго орнотулган бомбанын жарылуусунан бир нече ирактык полицей жарадар болду. Фаллужада АКШ аскерлери менен куралчан согушкерлердин туш келди ок атышуусунда бери дегенде, эки киши курман болуп, жети киши жараат алды. Түндө Бакубанын жанында полициянын имаратына жасалган кол салууда үч полицей курман болду. Ал эми кечээ болсо Ирактын шаарларында жан кечти террорчулардын жардырууларынан, бери дегенде, 62 киши курман болуп, 220дай адам жараат алган. Ал кол салуунун жоопкерчилигин Абу-Мусаб ал-Заргавинин террордук тобу өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG