Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бардыгы айтылууда

БЭЭЖИН. Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча Бээжинде өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө алгачкы жылыштар жетишилди. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжан Си Юэ:

- Талкуулар ачык жана натыйжалуу болду. Сүйлөшүүнүн баардык катышуучулары маселени чечүүгө карай алгачкы кадамды, атап айтканда, Түндүк Кореянын ядролук программасынын токтотулушун жана мындан аркы аракеттерди координациялоону кубаттап жатышат. Бул -сүйлөшүүдө жетишилген эң маанилүү мунаса,- деп айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн бул айланпасы ишемби күнү соңуна чыгат. Ага эки Корей өлкөсү, Кытай, АКШ, Россия жана Япониянын делегациялары катышууда.
XS
SM
MD
LG