Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөргө 200 сомдон акча берилди


НАРЫН. Артыкчылык аттестатка ээ болгондор борбордук аянтка чогултулуп, аны тапшыруу шааниси өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер жана "Темир" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Нариман Түлеев куттукташты. Балалык менен коштошкон улан-кыздардын алдыдагы турмуш сапарына ак жол кааланды. Ал эми Нариман Түлеев артыкчылык аттестат алган 70 бүтүүчүгө, айрым мугалимдерге жана мектепти аяктаган тоголок жетим балдарга белектери бар экенин жарыялады. Ошентип 70 бүтүрүүчүнүн ар бирине 200 сомдон нак акча берилип, томолой жетимдерге кийимдер, ага-эжелерге белектер таратылды.

XS
SM
MD
LG