ТАЛАС. Сессияда депутаттар облустук кеңештин, Манас районунун, облустук ички
иштер башкармалыгынын 2003-жылда жана быйылкы жылдын беш айында жүргүзгөн иштеринин отчетун укту. Кедейчиликти азайтуу, калкты социалдык иштерге мобилизациялоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргөзгөн иштерин канаттандырарлык деп баалашты. Облустук кеңеш ошондой эле Талас районундагы Бешташ айыл кеңешине тарыхый инсан Бердике баатырдын, Чоңалыш айыл кеңешине жакында көзү өткөн Үсөнбек Өмүралиевдин, ал эми Талас шаардындагы ат майданга көзү тирүү Райкан Алкановдун ысымдарын ыйгаруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Ыйгарым укуктары аяктаган облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына саясий партиялардан, коомдук уюмдардан, өкмөттүк эмес уюмдардан сунушталган 18 талапкерден 9 адамды мүчө кылып бекитишти.