Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Манас университетинен 330 улан-кыз диплом алышты


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылы кыргыз-түрк Манас университетин 330 студент бүтүрдү. Бүтүрүүчүлөргө диплом берүү аземи жума күнү кечинде Бишкекте өткөрүлдү. Ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффер Эроктем, белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов жана башка расмий адамдар катышышты. Манас университети 1996-жылы уюштурулган. Анда экономика, түркология, тарых, туризм, инженердик технология бөлүмдөрү бар. Бул тууралуу бүгүн Манас университетинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG