Өзбекстанда былтыр камакка алынган журналист Руслан Шариповдун айтымында, ал жакында бошотулушу мүмкүн. Шариповдун билдиргенине караганда, жакында жабык сот жыйыны болуп, аны жүргүзгөн сот журналистти бошотуу тууралуу өкүм чыгарды. Бирок андан - Ташкенде калбастан, Бухарага барып жашоону талап кылды. Адам укуктарын коргогон уюмдардын айтымында, Шарипов - өкмөттү сынга алган макала жазганы үчүн кармалган, расми түрдө болсо ал бачабаздыктан күнөөлөнгөн.